Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкекте жогорку класс окуучуларына планшеттерди алуу каралып жатат

Бишкек шаарындагы жогорку класстын окуучулары үчүн мектептерге планшеттерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында депутат Татьяна Кузнецова  борбор калаадагы мектептердин компьютер менен камсыздалышы тууралуу суроо узатты.

"Окуу планында информатика сабагы 9-класска чейин окутулат. Сабак сааттары окуу программасына ылайык болушу керек. Компьютерлер жок шартта окуу программасы толук аткарылып жатабы?" — деп сурады ал.

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева түшүндүргөндөй, Агартуу министрлиги 9–11-класстардын окуучуларын планшеттер менен камсыз кылуу боюнча суроо-талап жөнөткөн. Департамент тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, маалыматты министрликке жолдогон. Анын айтымында, каражаттын көлөмү чоң.

Татьяна Кузнецова бул планшеттерге электрондук окуу китептери жүктөлөбү деп тактады. Рахат Мусаева бул суроого ооба деп жооп берди.

Ошондой эле департаменттин жетекчиси билдиргендей, 2026-жылкы бюджетте компьютерлерди сатып алууга 14 млн 140 миң сом каралган. Анын айтымында, бардык аймактар мугалимдер үчүн ноутбуктарды алышты, ал эми Бишкек жакынкы күндөрү алат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик текшерүүлөр улантылып жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгынын инспекторлору борбор калаадагы курулуш объекттерин текшеришти. Текшерүү учурунда Токмок көчөсү 59 дарегинде курулуп жаткан 3 кабаттуу соода

Транспорт министрлиги 2026-жылы кайсы жолдор куруларын маалымдады

Транспорт министрлиги 2026-жылы кайсы жолдор куруларын маалымдады

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы бир катар маанилүү жол куруу долбоорлорун ишке ашырууну пландап жатканын министрликтин басма сөз кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча билдирди. 2026-жылы ишке ашырылуучу долбоорлор: * "Манас" аэропорту — "Бишкек" эркин экономикалык аймагы — "Ала-Арча" суу сактагычыавтожолун реконструкциялоо (11 км); * Профсоюз көчөсү аркылуу Кустанай көчөсүнөн

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү бир нече инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Бакыт Төрөбаев Ысык-Көлдөгү бир нече инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Анда Тору-Айгыр айылындагы жаңы таза суу системасын ишке киргизүү аземи болду. Ал аткарылган иштердин сапатын жогору баалап, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу

А. Шыкмаматов: Былтыр бизнеске салык жеңилдиктери кеңейтилди

А. Шыкмаматов: Былтыр бизнеске салык жеңилдиктери кеңейтилди

Салык кызматынан билдиришкендей, 2025-жылы ведомствонун ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында салык жүгүн азайтуу жана салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча масштабдуу саясат жүргүзүлгөнү белгиленди. Жыйында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов белгилегендей, артыкчылыктуу тармактар катары айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, IT-индустриясы, энергиянын кайра жаралуучу булактары, тигүү жана зергерчилик тармактары, ошондой эле социалдык