Быйыл Бишкек мектептерине 30 интерактивдүү панел сатылып алынат

Быйыл Бишкек мектептерине 30 интерактивдүү панел сатылып алынат

2026-жылы Бишкек шаарындагы мектептер үчүн 30 интерактивдүү панель сатып алынарын Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдирди.

Буга чейин депутат Эмир Марлисбеков  тапшырык менен бекитилген бюджеттин ортосунда айырма бар экенин билдирген. Анын айтымында, баштапкы өтүнмөдө бюджет 866 млн 566 миң сом болсо, бекитилген долбоордо 851 млн 566 миң сом каралган.

Вице-мэр Виктория Мозгачева бул кыскартуу интерактивдүү панелдерди сатып алууга байланыштуу болгонун түшүндүрдү.

Анын айтымында, башында 100 интерактивдүү панель сатып алуу пландалган, бирок жыйынтыгында 30 гана панель бекитилген. Рахат Мусаеванын маалыматына ылайык, бир интерактивдүү панелдин баасы 128 миң сомду түзөт. 2026-жылга 30 панелге гана өтүнмө түшкөн, ал эми департамент кошумча дагы 70 панель сатып алууну сунуштаган.

Р.Мусаева интерактивдүү панелдер мектептерге түшкөн өтүнмөлөргө жараша бөлүштүрүлөрүн белгилеп, райондор боюнча бөлүштүрүү тууралуу маалыматты кийинчерээк берүүгө убада кылды.

Депутат Эмир Марлисбеков Октябрь районундагы мектептер интерактивдүү такталарга муктаж экенин айтып, бюджетке кошумча 70 интерактивдүү панель сатып алууну киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле Марлисбеков 10–11-класстын окуучулары үчүн жол кыймылынын эрежелери боюнча сабак киргизүүнү сунуш кылды. Вице-мэр Виктория Мозгачева бул боюнча Министрлер Кабинетинин чечими менен бүтүрүүчү класстар үчүн айдоочулукка окутуу жалпы билим берүү программасына киргизилгенинмаалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"