Былтыр Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн

2025-жылы Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлгөн. Бул тууралуу "B5+1" форумунун бизнес-эртең мененки жыйынында Эл аралык ишкердик кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ошондой эле ЭИК тарабынан мурда жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилгени маалымдалды. Анын ичинен 103 лицензия мамлекеттик ишканаларга таандык.

Буга чейин маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалуу кендердин 51 түрү боюнча 1 миңден ашык кен орундар жана көрүнүштөр бар. Алардын катарына алтын, күмүш, жез, сурьма, вольфрам, сейрек кездешүүчү жер элементтери кирет.

Өткөн жылдын алгачкы тогуз айында пайдалуу кендерди казып алуу тармагына тартылган түз чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 190,3 млн долларды түзүп, бул өлкө экономикасына тартылган жалпы ТЧИнин 21,5%ына туура келген.

Кен казуу секторундагы инвестициялык динамика олуттуу өсүштү көрсөттү — көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсе жогорулап, 203,5%ды түзгөнүн ЭИК белгиледи.

Мындан тышкары, эң келечектүү кен орундар катары Кутессай II, Калесай, Кызыл-Омпол, Түндүк Акташ, ошондой эле Зардалек жана Катранбашы алюминий кен орундар аталган.

Мындан тышкары окуңуз

Көмүр байытуучу фабрикага Президенттик фонддон 200 млн доллар бөлүнөт

Көмүр байытуучу фабрикага Президенттик фонддон 200 млн доллар бөлүнөт

Бүгүнкү күндө негизги көйгөйлөрдүн бири элдин көмүр колдонуусу экенин 2026-жылдын 5-февралында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, МинКаб өнөр жай ишканаларына коюлган талаптарды да катаалдаштырууда. Тактап айтканда, тазалоочу фильтрлерди орнотпогон компаниялар мажбурлап жабылат. Мындан тышкары, буга чейин өлкөдө майда көмүрдү импорттоого тыюу

Аэропорт трассасында жолду булгаган компаниялар жоопкерчиликке тартылды

Аэропорт трассасында жолду булгаган компаниялар жоопкерчиликке тартылды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Бишкек – "Манас" эл аралык аэропортуна кеткен трассанын (Васильевский тракт) боюндагы курулуш объекттеринде жолдун санитардык абалынын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда курулуш техникалары жолго топурак чыгарып кеткен фактылар аныкталды. "МЭНС" ЖЧКсынын курулуш аянтчасында дөңгөлөк жуучу пункт талапка ылайык колдонулган эмес.

Финансы министрлигинде Европа Биримдиги менен кызматташуу маселелери талкууланды

Финансы министрлигинде Европа Биримдиги менен кызматташуу маселелери талкууланды

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Европа Комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы директоратындагы С1 "Борбор Азия жана Афганистан" бөлүмүнүн жетекчиси Шарлотт Адриан айым менен жолугушту. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Жолугушууда Нурбек Акжолов Европа Биримдигинин делегациясынын Кыргызстанга болгон иш сапары эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө

МинКаб 2026-жылга Статистикалык программаны бекитти

МинКаб 2026-жылга Статистикалык программаны бекитти

Министрлер Кабинети 2026-жылга карата Статистикалык программаны бекиттти. Бул тууралуу тиешелүү №13 токтом 2026-жылдын 19-январында  кабыл алынды. Токтомго ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитет, өзгөчө макамы бар мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле макулдашуу боюнча чарбалык субъекттер бекитилген программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды