ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

ЕАЭБде электрондук соодага байланыштуу жөнгө салуу нормаларынын өзгөрүүсү күтүлүп жатканын  Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ интеграциясын өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов брифингде билдирди.

Анын айтымында, пландалып жаткан жаңылыктар электрондук соода товарларын салыктан өткөрүү менен байланыштуу. Алардын бири — кошумча бааны кошуу салыгын (КБКС) аймактык принципке ылайык төлөө маселеси.

"Мисалы, Алматыдан адам маркетплейстен футболка сатып алат. Ал футболка Кыргызстанда өндүрүлгөн, бирок Коледино (Москва облусу, Россия) кампасына кошумча нарк салыгы (КНС) төлөнбөй жеткирилген. Андан кийин буйрутма боюнча футболка Алматыга жөнөтүлөт. Товар алынганга чейин, ал сатыкка чыкты деп эсептелип КНС төлөнөт", — деп түшүндүрдү Насирдинов.

Сунушталып жаткан схема боюнча, эгер товар Казакстанда сатылган болсо, анда КНС ошол республика бюджетине анын мыйзамдарына ылайык төлөнөт. Ал эми эгер сатып алуучу Кыргызстандан болсо — өндүрүүчү өлкө, анда КНС маркетплейс тарабынан Кыргызстан бюджетине төлөнөт.

"Бул механизм азыр каралууда. Биз үмүттөнөбүз, 2026-жылдын аягына чейин ЕАЭСте электрондук сооданы жөнөкөйлөштүрө турган бардык укуктук актылар кабыл алынат. Мунун артыкчылыгы — электрондук соода товарларынын кыймылы көзөмөлдө болот жана бюджет көбүрөөк толукталат", — деп кошумчалашты Экономика министрлигинде.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"