Келерки жылы шаардык Билим берүү департаментинин бюджети 851 млн сомго көбөйөт
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчиси Рахат Мусаева Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында ведомствонун 2026-жылга карата бюджетин тааныштырды.
Анын айтымында, 2026-жылы департаменттин бюджети 851 млн 566,9 миң сом көлөмүндө пландалууда. 2025-жылы болсо бюджет 437 млн 588,2 миң сомду түзгөн. Ошентип, өсүш 413 млн 978,7 миң сомду түзөт.
Мусаева белгилегендей, бюджеттин көбөйүшүнүн негизги себеби — объекттердин титулдук тизмесинин кеңейиши. Мектептер жана бала бакчалар жыл сайын эскирип, оңдоо иштерине көп каражат талап кылынгандыктан, быйыл титулдук тизмеге 510 млн сом киргизилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 310 млн сомго көп. 2025-жылы титулдук объекттердин бюджети 200 млн сом болгон.
Ошондой эле кенже тейлөөчү жана техникалык кызматкерлердин айлык маянасы 10 млн 270 миң сомго жогорулаган. Жаш мугалимдер үчүн депозит дагы 5,5 млн сомго көбөйтүлгөн.
2026-жылы 32 жаңы мектеп курулуп, бала бакчалар ачылат. Алардын материалдык-техникалык базасын камсыздоого 46 млн 921 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле мектептер үчүн компьютерлерди, муздаткычтарды жана башка жабдууларды сатып алууга каралган каражаттар көбөйтүлгөн.
Шаардык иш-чараларга балдарды тартуу масштабы да кеңейүүдө. Эгер мурда жаңы жылдык иш-чаралар 1000 окуучу үчүн пландалса, эми 3000 бала камтылат. Балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат да көбөйтүлүп, мурда 350 бала жөнөтүлсө, эми 700 баланы жайкы эс алууга жөнөтүү пландалууда.