Көмүр байытуучу фабрикага Президенттик фонддон 200 млн доллар бөлүнөт
Бүгүнкү күндө негизги көйгөйлөрдүн бири элдин көмүр колдонуусу экенин 2026-жылдын 5-февралында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, МинКаб өнөр жай ишканаларына коюлган талаптарды да катаалдаштырууда. Тактап айтканда, тазалоочу фильтрлерди орнотпогон компаниялар мажбурлап жабылат.
Мындан тышкары, буга чейин өлкөдө майда көмүрдү импорттоого тыюу салынган. Кийинки чаралардын алкагында Президенттик фонддон көмүр байытуучу фабрика куруу үчүн 200 млн доллар бөлүнгөн.
Амангельдиев белгилегендей, кийинки жылдан тартып ири жана орто шаарларда майда көмүрдү ташып келүүгө толугу менен тыюу салынат. Бул чара аба булгануусунун деңгээлин төмөндөтүүгө жана калктуу конуштардагы экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
2025-жылдын октябрь айында МинКаб Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарында фракциясы 0–13 мм болгон майда көмүрдү импорттоого, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салган.