Кыргызстанда "Асман Банк" ЖАКына лицензия берилди
Улуттук банк "Асман Банк" жабык акционердик коомуна банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берди.
Улуттук банктан билдиришкендей, тиешелүү чечим жөнгө салуучу органдын башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 4-февралында кабыл алынган. Документ "Асман Банкка" улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды ишке ашыруу укугун берет.
Улуттук банк лицензия мыйзамда белгиленген тартипте берилгенин белгиледи.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!