"Мамлекеттик каржылык холдинг" ААКы жеке компанияга 25 млн доллар өлчөмүндө кепилдик кылды

"Мамлекеттик каржылык холдинг" ААКы жеке компанияга 25 млн доллар өлчөмүндө кепилдик кылды

"Мамлекеттик каржылык холдинг" ачык акционердик коому эмитенттин активдеринин 10%ынан жана андан жогору көлөмдү түзгөн бир жолку бүтүм жасалганын билдирди.

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, аталган бүтүм боюнча контрагент болуп "Альянс Гидро" жоопкерчилиги чектелген коому саналат.

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы №941-р тескемесине жана 2026-жылдын 3-февралында түзүлгөн №19-7-1/3 үч тараптуу кепилдик келишимине ылайык, "Мамлекеттик каржылык холдинг" ААКы Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду алдындагы "Альянс Гидро" ЖЧКнын кредиттик милдеттенмелери боюнча 25 млн долларга кепилдик берген.

Каражаттар кубаттуулугу 24 МВт болгон "Жерүй" кичи ГЭСин куруу үчүн тартылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда 15,6 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Кара-Сууда 15,6 млн сомдук жер тилкеси муниципалитетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы жер мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү учурунда Савай айыл өкмөтүндө жайгашкан мурдагы балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна тиешелүү 0,24 га жер тилкеси 2014-жылы мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткенин аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратуранын көргөн чараларынын натыйжасында, базар баасы 15,6 млн сомду түзгөн

ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

ЕАЭБ базарларындагы маркетплейстерде сатылган товарларга КНСти ким төлөйт?

ЕАЭБде электрондук соодага байланыштуу жөнгө салуу нормаларынын өзгөрүүсү күтүлүп жатканын  Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБ интеграциясын өнүктүрүү секторунун башчысы Каниет Насирдинов брифингде билдирди. Анын айтымында, пландалып жаткан жаңылыктар электрондук соода товарларын салыктан өткөрүү менен байланыштуу. Алардын бири — кошумча бааны кошуу салыгын (КБКС) аймактык принципке ылайык төлөө маселеси. "Мисалы, Алматыдан

Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Социалдык фонд 2026-жылдын январь айында Мамлекеттик топтолмолуу пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынын эсебинен мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 1 млрд 140,8 млн сом көлөмүндө инвестиция салды. Инвестициянын жылдык киреше чеги 15,2–16% деңгээлинде болду. Мындан тышкары, МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардагы депозиттик салымдарга жайгаштырылып, 300 млн сом көлөмүндө 12

МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияга катышканын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал 2025-жылы Салык кызматы 391,8 млрд сом чогултуп, пландын 8,2 млрд сомдон ашык аткарылганын белгилеп, санариптештирүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында алгылыктуу чаралар ишке киргенин билдирди. Бюджеттин