МинКаб 2026-жылга Статистикалык программаны бекитти
Министрлер Кабинети 2026-жылга карата Статистикалык программаны бекиттти. Бул тууралуу тиешелүү №13 токтом 2026-жылдын 19-январында кабыл алынды.
Токтомго ылайык, министрликтер, мамлекеттик комитет, өзгөчө макамы бар мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле макулдашуу боюнча чарбалык субъекттер бекитилген программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды Улуттук статистика комитетине тапшырууга милдеттүү.
Ошол эле учурда Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы №761 токтому (2025-жылга карата Статистикалык программа бекитилген) күчүн жоготту деп табылды.
Программа төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Улуттук статистика комитети жүргүзгөн статистикалык изилдөөлөрдүн тизмеси (формалары, респонденттери, мезгилдүүлүгү жана тапшыруу мөөнөттөрү);
- Мамлекеттик органдардын статистикалык максаттар үчүн берилүүчү административдик маалыматтары (кайсы маалымат, кайсы мөөнөттө берилет);
- Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык басылмалары (бюллетендер, жыйнактар, ыкчам маалыматтар жана жарыялоо мөөнөттөрү), ошондой эле Улуттук банктын блогу (төлөм балансы, бюллетень ж.б.);
- Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүү (аткаруучулар жана мөөнөттөр);
- Климаттын өзгөрүшү боюнча статистика (көрсөткүчтөр, жооптуу аткаруучулар жана мөөнөттөр).