МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

МинКаб Салык кызматынын 2025-жылдагы жыйынтыгын чыгарды

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияга катышканын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 2025-жылы Салык кызматы 391,8 млрд сом чогултуп, пландын 8,2 млрд сомдон ашык аткарылганын белгилеп, санариптештирүү, салыктык администрациялоону жөнөкөйлөтүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында алгылыктуу чаралар ишке киргенин билдирди.

Бюджеттин өсүшүнө таасир эткен факторлордун ичинде экономиканын өсүшү, ИДПнын 2020-жылы 8,3 млрд доллардан 2025-жылы 22,6 млрд долларга жетиши; салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге, бажылык түшүүлөр 6 эсеге, салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйгөнү; курулуш, соода, тейлөө жана айыл чарбасында көрсөткүчтөрдүн жогорулашы; ошондой эле Кумтөрдөн түшкөн кирешенин 5 млрд доллардан ашканы бар.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Президент тарабынан социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу милдети коюлган. Ал Салык кызматынын ири инфраструктуралык долбоорлорду жана мамлекеттик иш-чараларды өз убагында каржылоодогу ролун белгиледи.

Коллегияда салыктык карыздардын көбөйүшү жана ашыкча төлөнгөн салыктар маселеси көтөрүлүп, аларды кечиктирбестен чечүү тапшырылды. Ошондой эле МинКаб башчысы “Салык күзөт” маалыматтык системасын өркүндөтүү жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү тапшырмасын берди.

Сөзүнүн соңунда ал алдыда турган максаттарга жетиш үчүн күчтүү дем жана кесипкөйлүк менен иштөө зарылдыгын белгилеп, Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"