Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Соцфонд МТПФ каражаттарынын эсебинен баалуу кагаздарга инвестиция салды

Социалдык фонд 2026-жылдын январь айында Мамлекеттик топтолмолуу пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынын эсебинен мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 1 млрд 140,8 млн сом көлөмүндө инвестиция салды. Инвестициянын жылдык киреше чеги 15,2–16% деңгээлинде болду.

Мындан тышкары, МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардагы депозиттик салымдарга жайгаштырылып, 300 млн сом көлөмүндө 12 жана 18 айга салынды. Депозиттердин жылдык кирешеси 11,3–14,3%ды түздү. Натыйжада, отчеттук мезгилде жалпысынан 1 млрд 440,8 млн сом инвестицияланган.

МТПФнын мурдагы инвестициялары боюнча 2026-жылдын январь айында төмөнкү кирешелер алынган:

  • МБКдан киреше — 512,7 млн сом;
  • Депозиттер боюнча пайыздык киреше — 12,6 млн сом;
  • МТПФ эсептериндеги күнүмдүк калган суммалардан эсептелген пайыздык киреше — 1 млн сом.
Ошентип, 2026-жылдын январь айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон жалпы киреше 526,3 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"