Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда
Кыргызстан 2024-жылы виртуалдык активдердин жүгүртүүсү боюнча Казакстандан 8,5 эсе, ал эми Өзбекстандан 19 эсе алдыга чыкты. Бул тууралуу Виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (ВАРКА) билдирди.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 9 айлык отчетунда Кыргызстандын виртуалдык активдер боюнча жылдык жүгүртүүсү 1,78 трлн сомду (20 млрд доллар) түзгөн. Бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 3 эсеге өскөн. Тармак 2025-жылдын 9 айында бюджетке 2 млрд сомдон ашуун салык төлөдү.
Салыштыра кетсек, 2024-жылы Казакстанда жүгүртүү 0,78 млрд доллар, ал эми Өзбекстанда 0,35 млрд долларды түзгөн.
Калктын санына жараша эсептелген Chainalysis 2025 Global Crypto Adoption Index боюнча Кыргызстан 151 өлкөнүн ичинен жан башына крипто-активдүүлүгү боюнча дүйнөнүн алдыңкы 20 өлкөсүнө кирди. Рейтингде Кыргызстан Украина, Молдова, Грузия жана Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бир топто турат.
Эксперттердин баамында, аймактагы экономикалык жигердүүлүк, техникалык сабаттуулук жана жөнгө салуучу чөйрөнүн айкалышы санариптик активдерди кабыл алуунун жогорку деңгээлин камсыз кылууда.