Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз
2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана тазалоо, ошондой эле 657 чакырым каналдарды бетондоо пландалууда. Мындан тышкары, бир катар насос станцияларын оңдоо жана 225 чакырым коллектордук-дренаждык тутумдарды тазалоо каралган.
Бакыт Төрөбаев 15 миң 51 скважина каттоодон өткөнүн, алардын ичинен 308и текшерүүдөн өткөрүлгөнүн белгиледи. Быйыл 83 скважинаны пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпысынан Кыргызстанда 498 суу сактагыч бар, алардагы суунун көлөмү 884 млн кубометрди түзөт. Бул көрсөткүч 2025-жылга салыштырмалуу 35%га аз.