Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн.

Мындан тышкары, 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында жаңы ачылган ишканалардын жалпы санын 385ке жеткирүү пландалып жатат.
Учурда республикада кайра иштетүү багытында 483 ири жана орто өнөр жай ишканасы, 40 соода-логистикалык борбор, 15 миңге жакын чакан ишкана, 264 жашылча-жемиш сактоочу кампа, ошондой эле 119 мал союучу пункт иштеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Сокулуктун Күнтуу айылына суу сактагыч курулат

Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун тапшырмасына ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күнтуу айыл аймагында суу сактагычты куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен коомдук талкуу өткөрүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева, Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги, жергиликтүү өз алдынча

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Аяз Баетов: Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан карыз алган эмес

Юстиция министри Аяз Баетов социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Кытайга болгон карызы тууралуу билдирди. Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган.  2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган эмес. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Балыкчы – Кочкор темир жолу пайдаланууга берилди

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүнүн айтымында, мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди. Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси