Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарына 1,5 млрд сом бөлөт

Каржы министрлиги Каракол шаарынын мэриясына парктарды, музейди жана заводдорду реконструкциялоо үчүн каражат бөлөрүн Жогорку Кеңештин каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов билдирди.

Каржы министрлиги депутаттардын макулдашуусуна Министрлер кабинетинин эки тескемесин киргизди.

Биринчи тескемеге ылайык, Каракол шаарынын мэриясына 679 млн 600 миң сом бөлүнөт. Бул каражаттар төмөнкү объектилерди реконструкциялоого багытталат:

  • Александр Пушкин атындагы паркка — 450 млн сом;
  • Өмүкен Сейлакунов атындагы скверге — 70 млн сом;
  • Каракол тарыхый-өлкө таануу музейине — 159 млн 600 миң сом.

Министрлер кабинетинин экинчи тескемесине ылайык, Каракол шаарынын мэриясына дагы 902 млн 700 миң сом бөлүү каралган. Бул каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

  • Темир-бетон заводун модернизациялоого — 273 млн сом;
  • Автобустарды сатып алууга — 300 млн сом;
  • Муниципалдык ишканалар үчүн атайын техникаларды сатып алууга — 329 млн 700 миң сом.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"