Кыргызстанда кайрак жерлерге сафлордун "Ершовский" сорту эгилет
Ак-Талаа районунда сафлор өсүмдүгүнөн май алына баштаганын бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган райондун кайрак жерлерине өсүмдүктүн "Ершовский" сорту себилген.
"Ар бир гектардан 20 центнерден түшүм алынды. Биз 2029-жылга чейин өлкөдөгү май таңкыстыгы маселесин чечүүнү көздөп жатабыз. Ошондой эле АКШдан алып келинген башка сортторду да сээп көрүүдөбүз", - деп белгиледи Төрөбаев.