Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси бир жылда 1 млрд 220 млн сомго жеткен
2025-жылы Кыргызстандагы камсыздандыруу уюмдарынын жалпы таза кирешеси 1 млрд 220 млн сомду түзгөнүн Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттордун негизинде жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөн.
2025-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстанда 19 камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму иш жүргүзгөн. Алардын ичинен 14 уюм 100% кыргыз капиталы менен, ал эми беш уюм чет элдик капиталдын катышуусу менен иштеген. "Кыргыз капиталы бар компаниялардын үлүшүнүн өсүшү (19 уюмдун ичинен 14ү, же 74%ы) улуттук каржы инфраструктурасынын бекемделип жатканын жана ички камсыздандыруу секторунун чыңдалышын көрсөтөт. Бул өз кезегинде жарандардын ишенимине жана рыноктун туруктуулугуна оң таасир берет", — деп белгилешти кызматта.
Жыйынтыгында, 2025-жылы камсыздандыруу компанияларынын жалпы активдери 9%га өсүп, 12,7 млрд сомдон 13,8 млрд сомго жетти.
Ошол эле учурда, өздүк капитал 12,7%га көбөйгөн. Ал эми милдеттенмелердин өсүшү 7,6%ды түзүп, бул көзөмөлдөлгөн жана орточо жүктөмдү чагылдырат. Камсыздандыруу резервдеринин көлөмүнүн 21,6%га кыскарышы портфелдин түзүмүнүн өзгөрүшү жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өсүшү менен байланыштуу болуп, "рыноктун активдүү өнүгүү баскычына туура келет" деп бааланган.
Мындан тышкары, камсыздандыруу уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык түшүүлөр 340 млн 800 миң сомду түзгөн.