МинКаб органикалык продукция өндүрүүчүлөргө жер бөлүүгө даяр

МинКаб органикалык продукция өндүрүүчүлөргө жер бөлүүгө даяр

Министрлер кабинети аймактардагы фермерлерге органикалык продукция өстүрүү үчүн жайыт жерлерден 20–30 сотых өлчөмүндөгү жер тилкелерин бөлүп берүүгө даяр. Мындан тышкары, коштоо жана сертификациялоо иштерине кеткен, баасы 20–30 миң долларга жеткен чыгымдарды да өз мойнуна алууга даяр экенин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы айыл чарба жерлеринин болжол менен 80%ы жеке менчикте болуп, алардын ээлери пайдалануунун ыкмаларын өз алдынча аныкташат. Фермерлерди кооперативдерге бириктирүү боюнча аракеттер жана механизмдер көрүлүп жатканына карабастан, аграрчылар буга ар дайым эле кызыкдар боло бербейт.

Ушуга байланыштуу МинКаб Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) карамагындагы 270 гектар жайыт жерлерин органикалык продукция өстүрүүгө кызыкдар жеке фермерлерге берүүгө даяр.

Депутат Махабат Мавлянова Кыргызстан органикалык айыл чарбасын экономиканын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктаганын жана 2029-жылга чейин органикалык эгин айдалган аянтты 1 миң гектарга жеткирүү максатын койгонун белгиледи. Бирок анын айтымында, бул тармакта алиге чейин чечилбеген маселелер арбын. Ушуга байланыштуу депутат фермерлердин жана тиешелүү адистердин катышуусунда өзүнчө жолугушуу өткөрүүнү сунуштады.

"Кыргызстанда химиялык препараттар баш аламан колдонулуп жатат. Биз балдарыбызга бузулбаган, деградацияга учурабаган жерлерди жана туруктуу айыл чарба өндүрүшүн калтырышыбыз керек. Бизде күрөң көмүр бар, аны жер семирткич катары колдонсо болот. Ноокат районунда химиялык жер семирткичтерди чыгаруучу заводду ишке киргизүү долбоору токтоп турат — аны органикалык багытка кайра ыңгайлаштырууга мүмкүн", — деп эсептейт депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"