Ошто 872 516 сом алимент өндүрүлдү
Ош шаарында 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент боюнча карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүндө жүргүзүлгөн аткаруу өндүрүшүнүн алкагында карызкор Д.Э.ден Б.Э.нин пайдасына, үч баланы 18 жашка толгонго чейин багуу үчүн ай сайын алимент төлөп берүү милдети коюлган.
Бирок топтолгон 872 миң 516 сом өлчөмүндөгү алимент карызы толугу менен өндүрүлүп, алимент алуучуга өткөрүлүп берилди.