"Поезд менен Улуу Жибек жолу" долбоору ишке кирди
Британиялык Golden Eagle Luxury Trains туроператору люкс класстагы жаңы темир жол туру — "Поезд менен Улуу Жибек жолун" (The Great Silk Road by Train) ишке киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу эл аралык туристтик Travel and Tour World басылмасы маалымдады.
Маршрут 22 күнгө эсептелип, беш өлкөнүн — Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын аймагы аркылуу өтөт. Жолдун жалпы узундугу 3 миң 862 чакырымды түзөт. Саякат Пекин шаарынан башталып, Ташкентте аяктайт.
Турдун программасы Улуу Жибек жолунун негизги тарыхый жана маданий эстеликтерин камтыйт. Кытайда Тыюу салынган шаар, Улуу Кытай дубалы, Сиань шаарындагы Терракота армиясы жана Дуньхуандагы Могао үңкүрлөрүнө баруу каралган.
Өзбекстанда маршрут Самарканд, Бухара жана Хива шаарларын камтыйт. Бул шаарлар Улуу Жибек жолунун тарыхында маанилүү роль ойногон жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Экскурсиялык программадан тышкары кошумча иш-чаралар да пландалган. Алардын ичинде Гоби чөлүндө төө минүү жана Алматы шаарына жеке авиакаттам менен учуу бар.
Компаниянын жаңы маршрут тууралуу расмий материалдарында поезд Кыргызстан аймагында кайсы шаарлар жана станциялар аркылуу өтөрү, ошондой эле кайсы жерлерде токтоору азырынча так көрсөтүлгөн эмес.
Саякаттын баасы бир адам үчүн эки кишилик жайгашууда 50 миң 700 доллардан башталат. Бул суммага турак жай, тамак-аш, экскурсиялык программа, трансферлер жана камсыздандыруу кирет.

Алгачкы тур 2026-жылдын 21-сентябрынан 12-октябрына чейин өткөрүлмөкчү.