Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Салык кызматы салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү жана айып пулдар тууралуу эскертти

Тийиштүү реестрге киргизилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырууга милдеттүү экенин радионун түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Чынара Мамырбаева билдирди.

Анын айтымында, милдеттүү түрдө декларация тапшырууга тийиш болгон кызмат адамдарынын тизмеси президенттин 2017-жылдын 31-январындагы №17 жарлыгы менен бекитилген. Декларация 1-апрелге чейин тапшырылышы керек.

Ал белгилегендей, 1-июлга чейин салык органдары тапшырылган декларацияларга талдоо жүргүзөт, андан кийин материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

"Эгер декларация өз убагында берилбесе, прокуратура органдары тарабынан текшерүү учурунда 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн", — деди Мамырбаева.
Анын сөзүнө караганда, маалыматтардын дал келбестиги үчүн, анын ичинде жакын туугандар тууралуу туура эмес маалымат берилсе, 7 миң сом айып пул каралган. Кайрадан мыйзам бузуу кайталанса, административдик жоопкерчилик күчөтүлөт — Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 348-беренесине ылайык айып пулдун өлчөмү 10 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Ал декларация тапшыргандар өздөрүнүн киреше-чыгашалары, мүлкү тууралуу маалыматтарды, ошондой эле эгер жакын туугандары мамлекеттик кызматчы болсо, алар боюнча да маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

"Милдеттүү декларациялоо реестрине киргизилген бардык адамдар үчүн талаптар бирдей", — деп кошумчалады Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"