Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты
Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан.
Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан.
Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо үчүн валюталык интервенцияларды жасап турат. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.