2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

2025-жылы Туризм фондунда 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылган

Бишкекте бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин коллегиясы болуп, анда "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" 2025-жылга карата ишмердүүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Фонддун башкы директору Адилет Джанузаков акыркы жылдары фонд ишмердүүлүгүн башкаруунун жаңы моделине өтүп, каржылык тартипти бекемдөөгө жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга басым жасалганын билдирди.

Финансылык көзөмөлдүн натыйжасында 56,1 млн сом дебитордук карыз кайтарылып, Нарын шаарындагы жана Тосор айылындагы долбоорлор боюнча зайымдар жабылган. IT, байланыш жана коштоочу кызматтар боюнча чыгымдар оптималдаштырылып, туруктуу башкаруу механизми түзүлгөн.

Консолидацияланган каражаттар туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталып, Rest Point тармагынын 18 объектисинин 11и иштеп жатат. Ош облусунда үч жаңы туристтик объектти куруу үчүн Дүйнөлүк банктан 4,5 млн доллардан ашык грант тартылган. Мындан тышкары, Тамга–Тосор, Baytik Mountain Resort жана Chatkal Mountain Resort долбоорлору боюнча инвестициялык иштер уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"