Алкоголсуз суусундуктардын акциз салыгы казынага 2,4 млрд сом киреше алып келген
2025-жылы алкоголсуз суусундуктарга салынган акцизден республикалык бюджетке 2,4 млрд сом түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда келтирилген.
Бул товарлар тобу боюнча акциздик жыйымдардын жыйналышы 2024-жылга салыштырмалуу 58,9%га өскөн.
Акциздин ставкасы литрине 3 сомду түзөт жана ТЭИ ТН (ТН ВЭД) 2202 категориясына кирген товарлардан алынат. Бул топко кант же башка татымалдар жана даам-жыт берүүчү кошулмалар кошулган алкоголсуз суусундуктар кирет.
Түшүүлөрдүн жарымынан көбү ички өндүрүштү салыкка тартуунун эсебинен камсыздалган — 2,4 млрд сомдун ичинен 1,4 млрд сому.