"Береке дан" ун заводу өндүрүшүн кеңейтет
Кечээ президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев "Береке дан" ун заводунун жетекчилери менен өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселесин талкуулады. Жолугушууга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.
Облус башчысы өлкөдө ун азыктарына болгон муктаждык жогору экенин белгилеп, учурда сырткы импорттун көлөмүн азайтуу, жергиликтүү ишкерлердин продукциясын колдоо жана рынокто жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, завод жетекчилигин өнүктүрүү фонддору менен тыгыз кызматташууга, ошондой эле Жалал-Абад бизнес-ассоциациясынын курамына кошулууга чакырды. Бул аркылуу ишканада документтик коштоо, долбоор даярдоо жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү жараларын кошумчалады.
Масы айылындагы "Береке дан" ун заводу 2025-жылы жаңы заманбап жабдууларды орноткон. Учурда ишкана жергиликтүү дыйкандардын буудайын кабыл алып, сактап, унга айландырып берет. Заводдо 20дан ашуун адам жумуш менен камсыз болуп, жылына 2 миң тоннага чейин буудай кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.