"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

"Бир айыл – бир продукт": 2025-жылдын мыкты продукциялары тандалды

9-февралда Экономика жана коммерция министрлигинде "Бир айыл – бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун алкагында 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча "Мыкты улуттук бренд" сынагына катышуучу продукцияларды тандоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жыйында БАБП бренди менен сертификацияланган 7 облусунан 60тан ашуун продукция каралды. Алардын катарында табигый ширелер, чайлар, бал, печенье, кургатылган мөмө-жемиштер, концентраттар, косметикалык жана кол өнөрчүлүк продукциялар бар. Ведомстволор аралык топ продукцияларды сапаты, таңгактоосу, ХАССП системасы, экспорттук потенциалы жана тамак-аш коопсуздугу боюнча баалады.

Тандоодон өткөн продукциялар төмөнкү номинациялар боюнча "2025-жыл үчүн Мыкты улуттук бренд" сынагына сунушталат: "Облустун мыкты продукты", "Ишкананын мыкты продукты", "БАБПтин эң көп сатылган продукты", "Мыкты студенттик продукт", "Суперден-соолукка пайдалуу продукт", "Экспорттук потенциалы жогору продукт", "Эң активдүү облус".

БАБП долбоору жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоп, сапаттуу продукция өндүрүүгө шарт түзүп, өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө уникалдуу продукцияны жайылтууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"