Өзбекстандын алтын-валюта резерви 75 млрд долларга жетти
Өзбекстандын алтын-валюта резервдери тарыхый эң жогорку деңгээлге чыгып, 2026-жылдын 1-февралына карата 75 млрд доллардан ашканын өлкөнүн Борбордук банкы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айынын аягында резервдердин көлөмү 66,3 млрд долларды түзгөн. Натыйжада бир айдын ичинде өсүш 8 млрд доллардан ашып, бул көрсөткүч резервдер боюнча статистика жүргүзүлө баштагандан берки эң ири айлык өсүш катары катталды.
Физикалык алтындын көлөмү 2026-жылдын февраль айынын башына карата 12,8 млн трой унциясына жеткен. Ал эми 2025-жылдын декабрында бул көрсөткүч 12,6 млн унцияны түзгөн. Алтындын жалпы наркы 64,9 млрд долларга бааланып, дээрлик 18%га өскөн.
Ошол эле учурда алтын-валюта резервдеринин валюталык бөлүгү 9,5 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын декабрь айындагы 10,64 млрд долларга салыштырмалуу төмөндөгөн.