Сауд Арабиясы Кыргызстанга мектептерди куруу үчүн 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фонду ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди куруу (II-фаза)” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Бул мыйзам 2026-жылдын 29-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуу Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген кредиттик каражаттарды тартуу максатында түзүлгөн. Насыянын жалпы суммасы 187 500 000 сауд риялын түзөт, бул 50 млн долларга барабар.
Насыя 25 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген (грейс) мезгил менен, жылдык 1,5%дык үстөк чен менен берилет. Насыялык каражаттар доллар менен берилет.
Долбоордун алкагында Бишкек шаарында 5 жаңы жалпы билим берүүчү мектепти жана иштеп жаткан мектептерге кошумча 7 окуу корпусун куруу, ошондой эле Чүй облусунда 2 жаңы мектеп салуу пландалып жатат. Бул мектептердин жалпы долбоордук сыйымдуулугу 150дөн 1000ге чейин окуучу орунду түзөт.