2026-жылы иррегация объектилерин калыбына келтирүүгө бюджеттен 12 млрд 300 млн сом бөлүндү

2026-жылы иррегация объектилерин калыбына келтирүүгө бюджеттен 12 млрд 300 млн сом бөлүндү

2026-жылга карата иррегация объектилерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштери үчүн  мамлекеттик бюджеттен 12 млрд 300 млн сом каралды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министр Бакыт Төрөбаев бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, бул каражат каналдарды оңдоо, тазалоо  жана бетондоо, каналдарга бетон полотносун төшөө,  гидротехникалык курулмаларды,  насостук станцияларды оңдоо-калыбына келдирүү жана башка ушул сыяктуу иштерге жумшалат.

“Иррегация багытында бүгүнкү күндө 498 суу сактагыч бар. Аларда азыр топтолгон суунун көлөмү 939 млн м³ түзүп, бул көрсөткүч былтыркы караганда - 32 % аздык кылат. 2026-жылы 1 млн 250 миң гектар айдоо жерине себүү иштери пландап жатабыз. Анын 885 миң гектарын ээлеген сугат аянтын орточо 4-5 ирет сугаруу үчүн 6 млрд 3 млн м³   суу пландалды”- дейт Төрөбаев.  

Төрөбаевдин айтымында, жазгы талаа жумуштарынын ичинде - сугат суу менен камсыздоо; сапаттуу жана жаңы үрөөндөрдү даярдоо; техника каржаттарын  оңдоо; жер семирткич жана күйүүчү майлоочу майларды жеткирүү сыяктуу иш чаралар бар. Мындан сырткары тажрыйба алмашуу, жаңы агротехникалык ыкмаларга адистерди үйрөтүү, аны колдонуу боюнча ишчараларды жүргүзүү, дыйкындардын эмне сээп, кайда сатаары тууралуу саясатты алып баруу иштери да каралган.   

Жалпысынан республика боюнча 139 объектиде курулуш жана долбоорлоо иштери жүргүзүлүшү күтүлөт.  

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"