Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Айыл жерлериндеги ветеринарларга кошумча төлөмдөр берилет

Ветеринардык кызматтын кызматкерлерине атайын фонддун эсебинен кошумча төлөмдөр берилерин Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

"Жайында көптөгөн уйлар ооруп, атүгүл эмдөө да жардам берген жок. Бул айрым деңгээлде Ветеринардык кызматтын ишине байланыштуу. Тармактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн чара көрүү керек", — деди депутат Салтанат Аманова.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2025-жылы ири жана майда мүйүздүү малдын, ошондой эле канаттуулардын 26 млн башы эмделген.

"Бирок жеке ветеринарлар боюнча маселе бар. Бүгүнкү күндө республика боюнча алардын саны 1,6 миңди түзөт. Учурда алардын так статусун, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктоо боюнча иш алып баруудабыз, ошондой эле кирешелерин көбөйтүү маселесин чечүүнү көздөп жатабыз. Азыр мындай жагдай түзүлгөн: мал ээси жеке ветеринарды чакырса — барышат, чакырбаса — барышпайт. Биз болсо алар кожоюндары чакырса да, чакырбаса да абалды туруктуу көзөмөлдөп турушун каалайбыз", — деди министр.

Ал Ветеринардык кызматтагы айлык акы чындыгында төмөн экенин моюнга алды.

"Дал ошондуктан бул кызматтын алдында атайын эсеп ачылып, анын каражаттарын кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга пайдаланууга уруксат берилди. Мындан тышкары, жаш адистерди аймактарда иштөөгө кызыктыруу үчүн “Жаш ветеринар” программасын иштеп чыгуудабыз. Эгер алар айылдарга барып иштесе, турак жай менен камсыз кылууга жана айлык акысына кошумча үстөк төлөөгө даярбыз", — деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"