Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Бишкектеги кафелердин бири кирешесин жашырып жүргөнүн Салык кызматы аныктады

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы фискалдык программалык камсыздоо (ФПК) — сатуу жөнүндө маалыматтарды салык органдарына өткөрүп берүүчү система  менен иштеген кафелерге текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафе тармагындагы олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү үчүн каттоодон өтпөгөн программалар колдонулган. Бул сатылуулардын бир бөлүгү расмий фискалдык системада чагылдырылбаганын билдирет.  Ошондой эле, төлөмдөр компаниянын атына эмес, жеке жактарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынгандыгы аныкталган. Мындан тышкары, кассалардан фискалдык чектер менен ырасталбаган накталай акча каражаттары табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ФПКга кошулган учурдан тартып эсепке алынбаган кирешенин суммасы болжол менен 12 млн сомду түзгөн. Төлөнбөгөн салыктардын божомолдуу суммасы — болжол менен 648 миң сом.

Эске салсак, кош эсеп жүргүзүү жана кирешелерди жашыруу мыйзам бузуу болуп саналат.

Мыйзам бузуу белгилери аныкталган учурда мындай аракеттер үчүн айып пулдан тартып, жазык жоопкерчилигине чейин жоопкерчилик чаралары каралган. Учурда Салык кызматы текшерүү иш-чараларын улантууда.

0:00
/1:36

Мындан тышкары окуңуз

АКШ   Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

АКШ Бириккен улуттар уюмуна дээрлик 4 млрд доллар карыз

БУУ Американын дээрлик 4 млрд доллар карызынын канча бөлүгүн Трамптын администрациясы төлөй турганын жана ал качан берилерин тактоону күтүп жатканын билдирди деп маалымдайт Kazinform. Өткөн жумада БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш уюмдун финансылык эрежелери өзгөртүлбөсө же 193 мүчө мамлекет өз мүчөлүк акыларын төлөбөсө, БУУ жакын арада финансылык кризиске кабыларын эскертти.

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда. 2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп,

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды

Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды

Бүгүн Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси шаар тургундары үчүн чоң белек болуп, жүздөгөн бөбөктөргө сапаттуу тарбия жана билим алууга

Кытай – Гуанчжоу багыты боюнча түз авикаттам ачылат

Кытай – Гуанчжоу багыты боюнча түз авикаттам ачылат

Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү China Southern Airlines авиакомпаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүшкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Гуанчжоу—Бишкек—Гуанчжоу багыты боюнча туруктуу авиакаттамды ачуу маселеси, ошондой эле Бишкек—Гуанчжоу—Санья (КЭРдин Хайнань провинциясы) багыты боюнча каттамды ишке киргизүүнүн келечеги