Эмгек, миграция министрлиги кыргызстандык жаранга 2 млн 174 сом өндүрүп берди
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жаран Р.З.нын кайрылуусунун негизинде багуучусун жоготуу боюнча тиешелүү төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөтүү маселеси боюнча Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары жана иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2025-жылдын 5-декабрында жаран Р.З.га Россиянын Социалдык фонду тарабынан 2 млн рубль өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнгөн.
Ошондой эле иш берүүчү — "Дентро" ЖЧКсы тарабынан 174 миң 600 рубль өлчөмүндө компенсация берилген. Жалпы төлөмдүн суммасы 2 млн 174 миң 600 рублди түздү.