Криптовалюта рыногу бюджетке 701,9 млн сом алып келди
Өткөн жылы Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногунан бюджетке 701,9 миллион сом салык түрүндө түшкөнүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Салыктын негизги бөлүгүн виртуалдык актив кызмат көрсөтүүчүлөрү — алмашуу жайлары жана криптобиржалар камсыз кылган. 2025-жылы алар 495,76 млн сом төлөшкөн, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсе көп.
Майнерлер болсо бюджетти 206,17 млн сомго толукташкан. Бул да 2024-жылдагы 155,8 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору.
Салык түшүүлөрдүн өсүшү виртуалдык активдер секторунун бюджеттик системага кошкон салымы артып жатканын жана рынокту легалдаштыруу менен жөнгө салуу чараларынын натыйжалуулугун тастыктайт.