Кыргызстан криптовалюта рыногунун жүгүртүүсү 31 млрд доллардан ашты
Өткөн жылы виртуалдык активдер рыногундагы жалпы жүгүртүү 31 млрд доллардан ашканын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын отчетунда айтылат.
2025-жылы крипторыноктогу операциялардын көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн. Ал эми мыйзамдуу сектор жаңыдан калыптана баштаган 2022-жылы жүгүртүү болгону 8 млн долларды түзгөн.
Транзакциялардын жалпы саны 2,1 миллиондон ашкан.
Бул виртуалдык активдер рыногунун олуттуу кеңейгенин жана колдонуучулардын санариптик активдер менен операцияларга катышуусу артканын көрсөтөт.
Ошол эле учурда Кыргызстандын крипторыногун ири "санариптик алмашуу жайы" деп мүнөздөөгө болот. Анда жарандар жана компаниялар тез төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн сомду криптовалютага жана кайра сомго алмаштырышат. Бул санариптик акча менен иштөөнүн эң жөнөкөй жана суроо-талапка ээ ыкмасы болуп саналат. Мындай алмашуу операциялары жалпы жүгүртүүнүн 94%дан ашыгын же 29,5 млрд долларын түзөт.
Калган 6%ы (болжол менен 1,8 миллиард доллар) кесипкөй катышуучулар бири-бири менен соода жүргүзгөн криптобиржаларга туура келет. Алар арыздарды коюп, графикаларды көзөмөлдөө аркылуу соода кылышат.
Демек, 2025-жылы өлкөдө криптовалюта негизинен татаал биржалык соода үчүн эмес, ыкчам валюта алмаштыруу үчүн ыңгайлуу инструмент катары колдонулган.