Кыргызстанда QR төлөм жүгүртүүсү бир жылда 10 эсеге көбөйгөн
Кыргызстанда QR-төлөмдөрдүн жүгүртүүсү рекорддук көрсөткүчкө жеткенин Улуттук банк билдирди. Жөнгө салуучунун маалыматына ылайык, 2025-жылы соода жана тейлөө ишканаларында 114,1 миң QR-код орнотулган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 95,3%га көп.
Негизги оператор аркылуу бир жыл ичинде 908,6 млрд сом суммасында 525,1 млн транзакция жүргүзүлгөн. 2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны 8 эсеге, ал эми көлөмү 10 эсеге өскөн.
Белгиленгендей, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен улуттук QR-код стандартынын негизинде ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылган жалгыз өлкө болуп саналат. ELQR системасына 20 коммерциялык банк жана 14 төлөм уюму кошулган.
Улуттук банк 2025-жылы ишке ашырылган чаралар заманбап накталай эмес инфраструктураны калыптандырууда маанилүү этап болгонун жана ыкчам төлөмдөр системасын мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзгөнүн белгиледи. Бул багыттагы иштер улантылат.