МинКаб Кыргызстанды 2030-жылга чейин аймактык хабга айландырууну көздөйт
Кыргызстандын геостратегиялык жайгашуусу өлкөгө финансылык, соода жана логистикалык агымдар үчүн ири аймактык хабга айланууга мүмкүнчүлүк берери 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасын өнүктүрүү программасында белгиленген.
Максатка жетүү боюнча негизги көрсөткүчтөр:
- темир жол транспорту аркылуу жүк ташууну жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү;
- республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу жана оңдоо;
- кампалык кубаттуулуктарды кеңейтүү: кеминде 1 млн чарчы метр жаңы комплекстерди куруу;
- авиациядагы жүргүнчү агымын 7 млн адамга чейин, ал эми аба жүк ташууларын 45 миң тоннага чейин жеткирүү;
- транспорт тармагынын ИДПга кошкон салымын 1,5 миллиард долларга чейин көбөйтүү.
Артыкчылыктуу долбоорлор жана милдеттер
Өкмөт жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Анын ичинде түндүк — түштүк магистралын модернизациялоо жана жол жабууларын узак мөөнөттүү кылуу үчүн заманбап материалдарды колдонуу каралган.
Темир жол тармагында "Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан" долбоорун ишке ашыруу стратегиялык артыкчылык бойдон калууда. Ошондой эле темир жолдорду толук электрлештирүү жана кыймылдуу курамды жаңылоо пландалууда.
Шаардык транспорт да кеңири өзгөрүүгө туш болот. Экологиялык таза электробустарга өтүү, кубаттоо станцияларынын тармагын өнүктүрүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу инфраструктура жана веложолдорду түзүү каралган. Республикалык маанидеги шаарларда коомдук транспортко артыкчылык берилет.
Жарандык авиация тармагында учуу багыттарынын географиясын кеңейтүү, аэропортторду модернизациялоо жана чакан авиацияны өнүктүрүү пландалууда. Ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Кыргызстанга эл аралык операторлор тартылып, интеллектуалдык транспорттук системалар киргизилет.
Бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана Кытай, Иран, Пакистан жана Россия багытындагы коридорлорду өнүктүрүү республикага аймактык экосистемадагы позициясын бекемдөөгө шарт түзөт.