Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү

Өлкөнүн IT тармагынын бир жылдык кирешеси 17 млрд сомду түздү
Photo by Christina @ wocintechchat.com M / Unsplash

Жогорку технологиялар паркы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча резидент компаниялардын жалпы кирешеси 17,1 млрд сомду түзгөнүн билдирди. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 50%га көп.

Аталган мекеменин резиденттеринин экспорту 2025-жылы 16,3 млрд сомду түзүп, бул жалпы кирешенин 95,3%ын түзөт. Салыштырмалуу, 2024-жылы экспорт 10,67 млрд сомго жетип, жалпы кирешенин 93,57%ын түзгөн.

Ошентип, экспорттун көлөмү 52,8%га өсүп, анын киреше структурасындагы үлүшү дээрлик 2%га жогорулады. Экспорттун географиясы да кеңейди: эгерде 2024-жылы ЖТП компаниялары 64 өлкө менен иштешсе, 2025-жылы дүйнөнүн 70 өлкөсү менен кызматташты.
2025-жылдын аягына карата ЖТПда 463 резидент-компания катталган. Түзүлгөн жумуш орундарынын саны 3 миңге жетип, бул IT-сектордун андан ары кеңейүүсүн жана квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талаптын өсүшүн чагылдырат.

2025-жылы ЖТПнын резиденттери бюджетке төмөнкү төлөмдөрдү которушту:

  • камсыздандыруу төгүмдөрү — 142 млн сом;
  • киреше салыгы — 284 млн сом.

Салык жана социалдык төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 426 млн сом болгон. Ал эми бюджетке чегерүүлөрдүн жалпы өсүшү дээрлик 40%ды түзүп, бул IT-индустриясынын Кыргызстандын экономикасына кошуп жаткан салымынын өсүп жатканын далилдейт.

2025-жыл Жогорку технологиялар паркы үчүн масштабдуу өсүш жылы болду:

  • кирешенин 50%га өсүшү;
  • экспорттун 52%га өсүшү;
  • географиянын 70 өлкөгө чейин кеңейиши;
  • салык жана социалдык төлөмдөрдүн дээрлик 40%га өсүшү;
  • экспорттун үлүшү 95,3%га жетти.

Бул көрсөткүчтөр ЖТП өлкө экономикасынын негизги экспорттук жана технологиялык драйверлеринин бири катары позициясын бекемдеп жатканын тастыктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"