Өткөн жылы 11,5 миңдей кыргызстандыкка протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүлгөн

Өткөн жылы 11,5 миңдей кыргызстандыкка протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүлгөн

2025-жылы 11,5 миңден ашуун кыргызстандык протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүүлөрдү алышканын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардам алуучулардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 7%га өскөн.

Тармактык республикалык мекеменин ишине 123 млн сом бөлүнгөн. Бул өткөн жылга караганда 10%га көп. Каржылоонун көбөйүшү жаңы технологияларды киргизүүгө жана кыймыл каражаттарына жана жекече буюмдарга муктаж жарандардын санын кеңири камтууга мүмкүндүк берди.
Мекемеде өндүрүштү кеңири модернизациялоо иштери уланууда. Бул максатка 97,8 млн сом бөлүнгөн. Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап жабдууларды жеткирүү жана кызматкерлерди окутуу боюнча келишимдер түзүлгөн.

"Киби" жана "Инди" аттуу кол протездеринин инновациялык түрлөрү өздөштүрүлдү. Бул жыйрылып, кайра жазылуучу жана бионикалык системаларды 34 бала алган. Анын жалпы баасынын 76%ын мамлекет төлөп берген.

Бишкек шаарындагы Түштүк Кореянын "Фаблаб" лабораториясы тарабынан эки чоң жаранга электрондук кол протездери даярдалып, тапшырылды.

Ошондой эле адистер бейтаптардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен ортопедиялык бут кийимдердин жана бут-кол протездеринин моделдерин өркүндөтүүнү улантышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Жар конушунун көйгөйлөрү мэрдин жеке көзөмөлүндө

Ак-Жар конушунун көйгөйлөрү мэрдин жеке көзөмөлүндө

Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ак-Жар конушунун тургундары менен ачык диалог форматындагы жолугушуу өткөрдү. Шаардыктар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди жана сунуштарын түздөн-түз айтып, мэрия өкүлдөрү менен талкуулашты. Муниципалиттетен билдиришкендей, жолугушууда тургундар жер амнистиясы, жолдорду оңдоо, балдарды мектептерге ташуу үчүн транспорт маселелери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ФАП жана башка социалдык объекттерди куруу

Кыргыз балык чарбасы Анталиядагы эл аралык көргөзмөдө өз продукциясын таанытты

Кыргыз балык чарбасы Анталиядагы эл аралык көргөзмөдө өз продукциясын таанытты

4-8-февраль күндөрү Түркия Республикасынын Анталия шаарында суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын балык чарба тармагындагы "Аква Пром" ЖЧКсы, "Эфтар Агро Комплекс" ЖЧКсы,

Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар

Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар

Россия квалификациялуу жумушчулардын келишине кызыкдар экенин Бишкекте өткөн брифингде Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди. Анын айтымында, Россия эмгек мигранттары өлкөгө мыйзамдуу негизде келип, иштеп, тапкан каражаттарын мекенине которуп турушуна кызыкдар. Элчи учурда эмгек мигранттарын санариптик каттоого алуу системасына өтүү жүрүп жатканын белгиледи. "Россияда

Эмгек, миграция министрлиги кыргызстандык жаранга 2 млн 174 сом өндүрүп берди

Эмгек, миграция министрлиги кыргызстандык жаранга 2 млн 174 сом өндүрүп берди

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жаран Р.З.нын кайрылуусунун негизинде багуучусун жоготуу боюнча тиешелүү төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөтүү маселеси боюнча Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары жана иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2025-жылдын 5-декабрында жаран Р.З.га Россиянын Социалдык