Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Сүт алуучулар эми сүттү майлуулугуна жараша бекитилген тариф менен алышат

Суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеште жазгы талаа иштери боюнча маалымат берип жатып, уй багуунун чыгымдары акталбай жаткандыгы жана сүттүн баасынын туруксуздугу боюнча депутаттын суроосуна жооп берди. 

Анын айтымында, 2025-жылдын соңунан тарта сүт өндүрүүчүлөр менен аны кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы сүттүн сапатына жараша баа саясатын жөнгө салуу чаралары тартипке салынганын билдирди. Ага ылайык, мурда сүт сатып алган "Белая Река", "Үмүт" сыяктуу заводдор сүттү бирдиктүү тариф менен (мисалы, 35 сомдон) сатып алса, эми министрликтин жаңы нускамасы боюнча баа сүттүн майлуулугуна жараша аныкталат. 

"Азыркы учурда сүттүн майлуулугуна жараша атайын тарифтер (51, 49 жана 42 сом) аныкталды. Министрлик иштеп чыккан бул баалар жана нускамалар ар бир заводдун сүт кабыл алуу пункттарына милдеттүү түрдө илиниши керек", - деди ал. 

Бакыт Төрөбаев сүттүн сапатына жараша баа коюу саясатынын маанисин түшүндүрдү. Анын айтымында, министрлик малдын санын эмес, сапатын жогорулатууга басым жасоодо. Бул максатта дыйкандарга асыл тукум мал өстүрүү үчүн жеңилдетилген насыялар берилүүдө. 

Ошондой эле министр Бакыт Төрөбаев малдын асылдуулугун арттыруу, асыл тукум мал кармоону кеңири жайылтуу үчүн мамлекеттин эсебинен 61 млн сом бөлүнүп, асыл тукум порода малдын 270 миң доза уруктандыруу материалы сатып алынып, акысыз уруктандыруу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"