Туризмди өнүктүрүү фонду 56,1 млн сом дебитордук карызын кайтарды

Туризмди өнүктүрүү фонду 56,1 млн сом дебитордук карызын кайтарды

МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда Экономика жана коммерция министрлигинин коллегия жыйыны өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында Туризмди өнүктүрүү фондунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчету угулду.

Фонддун жетекчиси Адилет Жанузаков жаңы команда келгенден кийин мекеменин ишине комплекстүү баа берилгенин билдирди. Баалоо каржылык тартипти күчөтүүгө, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана каражаттарды артыкчылыктуу багыттарга топтоого багытталган.

"Каржылык көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында фонд 56,1 млн сом дебитордук карызды кайтарууга жетишти. Анын ичинде Нарын шаарындагы жана Тосор айылындагы долбоорлор боюнча насыялар толугу менен жабылды. IT, байланыш жана кошумча кызматтар боюнча операциялык чыгымдар оптималдаштырылып, ресурстарды башкаруунун туруктуу жана ачык-айкын модели түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

"Бүгүнкү күндө Rest Point түйүнүнүн 18 объектисинин 11и иштеп жатат, калгандары жогорку даярдык стадиясында. Мындан тышкары, Ош облусунда үч жаңы объектти куруу үчүн Дүйнөлүк банктын 4,5 млн доллардан ашуун гранттык каражаты тартылды", — деди Адилет Жанузаков.

Анын айтымында, фонддун туунду компаниясы — GoBus туруктуу жүргүнчү ташууларды камсыздап, ири туристтик жана имидждик иш-чараларда логистикалык өнөктөш катары кызмат көрсөтүүдө. Азыркы учурда шаарлар аралык каттамдар үчүн электрондук билет системасын киргизүүгө даярдык жүрүп жатат.

Ошол эле учурда фонд инвестиция тартууга жана узак мөөнөттүү экономикалык натыйжа түзүүгө багытталган улуттук маанидеги долбоорлорду илгерилетүүдө. "Тамга-Тосор" эл аралык спорт комплексинин долбоору боюнча инвесторлор менен активдүү иштер жүргүзүлүп, тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 100 млн доллардан ашкан. Ошондой эле Baytik Mountain Resort жана Chatkal Mountain Resort долбоорлорун өнүктүрүү уланып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"