Ысык-Көл облусу келечекте толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өтөт
Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып, чачыратып сугаруу ыкмасына өтөрүн МинКаб төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Министр белгилегендей, жакында чачыратып, тамчылатып сугаруу системасына өткөн дыйкан-фермерлерге 2%дык жеңилдетилген насыялар бериле баштайт.
Ошондой эле ал Ысык-Көл облусу толугу менен тамчылатып сугарууга өтүү зарылчылыгын белгиледи.
"Тамчылатып сугарууга өтсөк, Ысык-Көлгө дагы суу көбүрөөк барат. Суунун баарын дыйканчылыкка ала берсек, Ысык-Көлгө суу барбай калат. Ошондуктан Ысык-Көл облусун толугу менен тамчылатып, чачыратып сугарууга өткөрүү боюнча план коюп жатабыз", - деди министр Бакыт Төрөбаев.