"Агродиалог–2026" форумуна быйыл чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу адистер келет
"Агродиалог–2026" агроөнөр жай форуму быйыл эл аралык деңгээлде өтөрүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Катар, Кытай жана коңшу мамлекеттерден тажрыйбалуу адистер менен эксперттер келип, заманбап технологиялар жана натыйжалуу агроыкмалар боюнча өз тажрыйбасын бөлүшөт.
Чет өлкөлүк адистер сугат системаларын өркүндөтүү, жогорку түшүмдүү үрөн сорттору, мал чарбасындагы инновациялык ыкмалар жана продукцияны экспортко чыгаруу багытында баяндама жасашат. Ошондой эле, форумда B2B форматындагы жолугушуулар, панелдик талкуулар болоору күтүлүп жатат.
Форум 18-19-20-февраль күндөрү саат 09:00дөн тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтөт. Ал эми 21-февралда жыйынтыктоочу бөлүк Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда салтанаттуу форматта уюштурулат.