Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык тоюттарынан кошумча нарк салыгы алынбайт

Балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгы 2027-жылдын аягына чейин алынбай турганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинети ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында балык чарбасы үчүн тоюттарга кошумча нарк салыгын (КНС) нөл пайыз өлчөмүндө калтырды. Тиешелүү өзгөртүүлөр "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомго киргизилди.

Жаңы чечимге ылайык, 2027-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба балыгы үчүн тоют сатууда КНС алынбайт. Нөлдүк ставка тоютту өндүргөн ишкана аны балык өстүрүү менен алектенген чарбага түз саткан учурда колдонулат.

Бул чара балык өстүрүүчүлөрдүн чыгымын азайтып, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды туруктуу кармоого жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Президент АИИБ президенти Цзоу Цзяи менен ири долбоорлор тууралуу сүйлөштү

Президент АИИБ президенти Цзоу Цзяи менен ири долбоорлор тууралуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяини кабыл алганын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар банктын ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусу тууралуу сүйлөшүштү. Алардын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоору бар. Садыр Жапаров индустриялаштыруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды. Анын жүрүшүндө өлкөнү транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана КРдин транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды. Президенттин басма сөз кызматынан маалымдаганына караганда, Садыр Жапаров

Бишкектеги курулуш компанияларына 400 миң айып пул салынды

Бишкектеги курулуш компанияларына 400 миң айып пул салынды

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы рейддик иш-чараларды жүргүзүп төмөнкү курулуш объекттеринде бир катар мыйзам бузуулар аныктады. * Н. Коперник көчөсү, 26/1 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак жай комплекси; * Ж. Баатыр көчөсү, 50а дарегиндеги 14 кабаттуу турак жай үйү. "Аталган объекттерде курулуш нормаларынын (“Курулуш өндүрүшүн уюштуруу”) талаптары жана

Быйыл Ак-Суу районуна буудайдын "Победа-75" сорту эгилет

Быйыл Ак-Суу районуна буудайдын "Победа-75" сорту эгилет

Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Айсаркан Абдибаева өлкө эмне себептен ушул убакка чейин өзүн буудай менен камсыздай албай жатканын сурады. Ал Кыргызстандын дайыма буудайды сырттан сатып алып жатканын, ошондуктан ата мекендик ун менен өзүн камсыздай албай жатканын билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев өлкөгө