Бишкекте жашоо минимуму былтыр 8 984 сомду түздү
Бишкек шаарында акыркы 5 жылда жашоо минимуму 169,4%га жогорулаганын мэриянын коллегия жыйынында вице-мэр Мирланбек Байгончоков билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы бир адамга эсептелген жашоо минимуму 8 миң 984,12 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 10%га жогору.
2026-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу азайган. Акыркы 5 жыл ичинде жумушсуздардын саны 2847 адамга кыскарган.