ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларга байкоо жүргүзүү башталды

ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларга байкоо жүргүзүү башталды

11-февралдан баштап Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттерде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү механизми иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, жаңы талаптар, ЕАЭБде жүктөргө байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, эки же андан ашык ЕАЭБге кирген мүчө-мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү ташууларга карата колдонулат.

Ишке киргизүү этап-этабы менен — товарлардын категорияларын жана транспорттун түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Навигациялык пломбалар төмөнкүлөрдү ташууда колдонулат:

- айрым акциздик товарларды, анын ичинде алкоголь жана ​тамеки продукциясын, бажы транзити жана экспорт бажы жол-жоболоруна ылайык ​автомобиль жана (же) темир жол транспорту менен ташууда, ошондой эле өз ара соода алкагында мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ташуулар;
- бажы транзити жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен ​ташылган айрым товарлардын категориялары (анын ичинде кийим-кече, бут кийим жана ​техника);
- никотин камтыган продукцияны жана никотин чийки затын, ЕАЭБдин тышкы ​экономикалык ишмердүүлүгүнүн Бирдиктүү товардык номенклатурасынын 2404, ​2939 79 000 0 жана 2939 80 000 0 товардык позицияларына кирген, автомобиль ​транспорту менен ташылып, Бирликтин бажы аймагынан экспорт бажы жол-​жобосуна ылайык чыгарууда.

Жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук операторлору тарабынан жүргүзүлөт. КРда мындай оператор болуп «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК аныкталган.

Бул механизмди киргизүү логистиканын ачыктыгын жогорулатууга жана товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылууга, ошол эле учурда Бирликтин ичинде текшерүү жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга багытталган.

Навигациялык пломбаларды колдонуу тартиби жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү боюнча кошумча маалыматты мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарынан алууга болот. Консультациялар улуттук оператордун колл-борборунун бирдиктүү 1205 номери аркылуу берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"