Ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу талкууланды
КРнын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Электрондук коммерция ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Президенттин ишкердик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү жөнүндө жарлыгынын жоболору жана аларды ишке ашыруу тартибин талкуулашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, иш чаранын жүрүшүндө ишкерлердин укуктарын коргоо багытында Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияда жана КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында каралган чаралар тууралуу маалымат берилди.
Прокуратуранын өкүлдөрү мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын алуу жана ишкердик субъекттердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдашты. Ошондой эле текшерүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылган "Бизнес коргоо" мобилдик тиркемесинин жана proverka.gov.kg маалыматтык системасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу талкууланды.


