Кыргызстандын 8 ишканасы Кытайга товар экспорттоого уруксат алды

Кыргызстандын 8 ишканасы Кытайга товар экспорттоого уруксат алды

12-февраль 2026-жылдан тартып Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын сегиз ишканасын Кытай рыногуна экспорт жүргүзүүгө уруксат берилген ишканалардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чечим Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоюттарды өнүктүрүү кызматы жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында кабыл алынган.

Тизмеге төмөнкү ишканалар кирди:
"Ат Башы Трейд" ЖЧКсы,
"Алия" ЖЧКсы,
"Гермес Ко ЛТД" ЖЧКсы,
"Жол-Аман" ЖЧКсы,
"Таалай Групп" ЖЧКсы,
"Wool KG" ЖЧКсы,
"Опэн Трейд" ЖЧКсы,
"Торугарт Трейд" ЖЧКсы.
Бул ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана кой-эчкинин жүнүн кайра иштетүү менен алектенишет.

Экспортко уруксат алуу ата мекендик өндүрүүчүлөргө экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.

Ветеринария кызматында белгилешкендей, Кытай рыногуна жаңы ишканаларды чыгаруу жана экспортко уруксат берилген кыргыз продукциясынын тизмесин кеңейтүү боюнча иштер улантылып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Ак-Суу айыл аймагында 10 гектар кайрак жер завод куруу үчүн трансформацияланат

Министрлер кабинети Чүй облусундагы жер тилкесин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай багытындагы жерлер категориясына өткөрүү тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго 2026-жылдын 2-февралында кол коюлган. Сөз Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги 10 гектар кайрак айдоо жери тууралуу болуп жатат. Жер тилкеси тамчылатып жана жамгырлатып

Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бактагы соода орундары ижарага берилет

Бишкектеги 13 сейил бакта жайгашкан 36 соода орду ижарага берилерин мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандардан арыздар эртеңден тарта кабыл алына баштайт. Ижарага ала турган орундарда балмуздак, суусундук, кофе, попкорн, таттуулар, балдар оюнчуктары, китептер сатылып, велосипед, балдар унааларын жана каркастуу батуттарды ижарага берүү каралган. Муниципалдык мүлк боюнча комиссиянын чечими боюнча, бир

Нурланбек Тургунбек уулу КРнын ЖКнин төрагасы кызматынан кетти

Нурланбек Тургунбек уулу КРнын ЖКнин төрагасы кызматынан кетти

Бүгүн КРнын ЖКнин спикери Нурланбек Тургунбек уулу ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын ЖКтин отурумунда жарыялады. “Бүгүн КРнын ЖКнын төрагасы кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым - кысым көрсөткөн жок. Мен андайга жол да бербейм. Өлкөдө стаилдүүлүк болуш керек,

Күрөөканадан иштеп 4 млн сомду өзүнө ыйгарып алган аял кармалды

Күрөөканадан иштеп 4 млн сомду өзүнө ыйгарып алган аял кармалды

Чүй облусунда күрөөкананын кызматкери ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектүү катары кармалганын Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылдын 11-январында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кант шаарындагы "У.П." күрөөканасында эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген, материалдык