Таиланд визасыз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин кыскартты
Таиланд 90дон ашык өлкөнүн жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 60 күндөн 30 күнгө чейин кыскартышы мүмкүн экенин Bangkok Post гезити жазды.
Туризм жана спорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул чара падышалыктын туристтик тармагына терс таасирин тийгизбеши керек, анткени чет элдик туристтердин көпчүлүгү өлкөдө орточо эсеп менен бир айдан аз убакыт болушат.
Мекеменин туруктуу катчысы Наттхрия Тхавивонг премьер-министр тарабынан түзүлүп, Тышкы иштер министрлигинин туруктуу катчысы жетектеген жаңы комитет визалык чараларды, анын ичинде 93 өлкөнүн жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режимди кайра карап чыгууну пландап жатканын билдирди.
"Бул өзгөрүү туризмге таасир этпеши керек, анткени чет элдик туристтер Таиландда орточо эсеп менен 21 күндөн ашык эмес убакыт болушат. Эгерде алар 30 күндөн узак калууну каалашса, белгиленген тартипте болуу мөөнөтүн узартууга арыз бере алышат", — деди ал.