Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашып жатат

Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашып жатат

Жалал-Абад облусунда Россиянын колдоосу менен 379 инвестициялык долбоор ишке ашып жатканы бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев менен Россиянын башкы консулу Роман Свистин жолугушуусунда айтылды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облус башчысы Россия менен кызматташтык артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, Жалал-Абад облусу менен Россиянын бир катар аймактарынын ортосунда туруктуу байланыштар түзүлгөнүн маалымдады.

Өкүл 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Россия менен товар жүгүртүүсү 27 млн доллардан ашканына токтолду. Ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен облус аймагында 379 инвестициялык долбоор ишке ашырылып, жалпы 34 млн доллардан ашуун каражат багытталганын белгиледи.

Алардын катарында Токтогул районундагы Кайнама чакан ГЭСи, Кара-Көл шаарындагы балыкты кайра иштетүүчү завод, Манас шаарындагы Жеңиш эс алуу багынын курулушу, Ала-Бука районундагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү завод жана билим берүү тармагындагы мектеп курулуштары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

Майнерлер 2025-жылы бюджетке 206,17 млн сом төлөшкөн

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча майнерлер 213,2 млн кВт⋅саат электр энергиясын керектешкен (-2,4%). Бул маалымат Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген отчеттун талдоосунан белгилүү болду. Салыштыруу үчүн: 2024-жылы электр энергиясын керектөө 218,5 млн кВт⋅саатты түзгөн. Кызматтын маалыматына ылайык, 2025-жылы майнерлер Кыргызстандын бюджетине 206,17

Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Жүк ташуучу айдоочулардан 15 жыл бою акча "саап" турган кылмышкерлер кармалды

Бишкекте Жүк ташуучу айдоочулардан акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын УКМКдан билдиришти. Алар "спортобщак" деп аталган топтун өкүлдөрү Д.Ж. жана Р.у.А. аттуу жарандар болгон. Алар 15 жыл бою коркутуу жолу менен "Дордой" соода комплексинен жүк ташыган айдоочулардан жана ар бир жүктөн акча

Бишкекте жашоо минимуму былтыр  8 984 сомду түздү

Бишкекте жашоо минимуму былтыр 8 984 сомду түздү

Бишкек шаарында акыркы 5 жылда жашоо минимуму 169,4%га жогорулаганын мэриянын коллегия жыйынында вице-мэр Мирланбек Байгончоков билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы бир адамга эсептелген жашоо минимуму 8 миң 984,12 сомду түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 10%га жогору. 2026-жылдын 1-январына карата расмий катталган жумушсуздардын саны 962 адамды түзүп, 2020-жылга

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкынын президенти Цзоу Цзяини кабыл алды. Анын жүрүшүндө өлкөнү транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана КРдин транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган масштабдуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба жана энергетика тармактарындагы артыкчылыктуу демилгелерди колдоо перспективалары талкууланды. Президенттин басма сөз кызматынан маалымдаганына караганда, Садыр Жапаров