АКШ Арменияга 13 млрд доллардан ашык инвестиция салат
АКШ Армениянын экономикасына 13 млрд доллардан ашык инвестиция салуусу мүмкүн экенин Bloomberg агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон инвестициялардын көлөмү Армениянын бир жылдык ички дүң өнүмүнүн дээрлик жарымына барабар. Мындай каржылык агым өлкөнүн Россияга болгон экономикалык көз карандылыгын алсыратууга жардам бериши мүмкүн деп белгиленет.
Буга Джей Ди Вэнстин Ереван шаарына болгон сапары түрткү болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандык өзөктүк энергетика тармагында 9 млрд долларга чейинки кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду. Мындан тышкары, жасалма интеллект багытындагы долбоорду дагы 4 млд долларга кеңейтүү маселеси талкууланууда.
ING банкынын КМШ өлкөлөрү боюнча башкы экономисти Дмитрий Долгин мындай масштабдагы демилгелер Армениянын түз жана портфелдик инвестициялар үчүн жагымдуулугун арттырып, өлкөгө акча которуулардын көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн экенин белгиледи.